Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 132.3 млн сом топтолду

23 апреля 2020, 09:12

23-апрелге карата саламаттык сактоо министрлигинин админстративдик эсебине ыктыярдуу негизде которулган каражаттын суммасы 132 млн 310.8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Борбордук казынадан билдирди. 

Чогулган каражаттардын ичинен бүгүнкү күндө 25 млн 81.6 миң сому коротулган. 22-апрелде 67 медицина кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча каражат бөлүнгөн.