Депозитке чогулган акча тышкы карыздын 1% түзбөйт

26 апреля 2021, 18:15

Тышкы карызды төлөө үчүн 2020-жылдын 5-ноябрында борбордук казыналык тутумунда Кыргызстандын каржы министрлигинин депозиттик эсеби ачылган. Эсеп ачууну президент Садыр Жапаров демилгелеген.

Айрым жарандардын ишенбөөчүлүгүнө, кыргыз эли экономикалык оор кырдаалга карабастан, демилгени колго алып, депозитке акча сала баштады. Ошентип, бүгүнкү күндө борбордук казынадагы ушул эсепке 14 миллион 540 миң сом топтолгон. Бир айдан бир аз ашыгыраак убакытта (17-марттан баштап) депозитке 1,2 миллион сом түшкөн.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айынын аягында тышкы карыз 357 миллиард сомду түзгөн. Башкача айтканда, чогултулган акча республиканын тышкы карыздарынын 1% ын жабууга да жетпейт.