Баткен районундагы айылдарды калыбына келтирүү үчүн ӨКМдин эсебине 1,2 млн сом которулду

3 мая 2021, 09:10

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын эсеп ачылып, каалоочулар Баткендеги жабыркаган айылдардын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн каражат которсо болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча медиа штабда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда келтирилген чыгым такталып жатканын айтты.

«Жергиликтүү тургундарга келтирилген чыгымды эсептөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Ал арада, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын эсеп ачылып, жарандар жабыркаган конуштардын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн акча которсо болот. 2-май күнү күндүн аягына чейин кыргызстандыктар эсепке 1 миллион 200 миң сом которушту», - деди Шамырканов.