Нарын облусундагы мектепке 96 млн сомдон ашык каражат сарпталат

12 июня 2023, 11:20

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Нарын облустук курулуш жана инженердик инфраструктура мекемеси мамлекеттик сатып алуулар порталына 96 миллион сомдон ашык суммага тендер жарыялады.

Каражат Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу а/а Ак-Талаа айылындагы мектептин курулушуна жумшалат. Мектеп 150 орунга ылайыкталган.

Тендердин жалпы суммасы 96 миллион 222 миң 408 сомду түзөт.