Материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүк жетиштүү – Төрөбаев

17 января 2023, 12:37

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында азык-түлүк жетиштүү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүнкү күнгө карата дан азыктары, ун, өсүмдүк майы, кумшекердин кору тиешелүү деңгээлде жыйналып, өлкөнүн социалдык керектөөчү азыктарынын көлөмү жетишээрлик, - деп билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 354,6 млрд сомдук айыл чарба продукциясынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Муну менен 2021-жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 107,3% түздү.