Баткен облусундагы ӨКМдин кампаларында 180 тонна гуманитардык жардам бар

7 октября 2022, 13:38

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы кампаларында 180 тонна гуманитардык жардам турат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна куралдуу кол салуу башталгандан бери 1636 тонна гуманитардык жардам жеткирилген. Анын 332 тоннасы министрлик тарабынан, 1134 тоннасы жарандар тарабынан ташылган.

Ошондой эле коопсуз аймактарга көчүрүлгөн 136 миң 770 жарандын бүгүнкү күндө 128 миң 522си үйлөрүнө кайтканы кабарланды.