Баткенди социалдык камсыздоого 1,8 млрд сом бөлүндү

26 сентября 2022, 10:36

Быйылкы жылы Баткен облусун социалдык камсыздоого 1,87 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Лейлек районундагы тажиктердин кол салуусунда жабыркагандар менен жолугушууда билдирди.

Ал кошумчалагандай, облустун аз камсыз үй-бүлөлөрүнө чакан ишкана ачуу үчүн кошумча 25 миллион сом бөлүнгөн.

Базарбаев чек арага жакын аймактардын эвакуацияланган жашоочулары убактылуу жашоочу борборлордо болду. Аларга ун берилип, муктаж болгондорго коляска жана балдак таратылганы айтылды

Мындан тышкары Лейлек районуна 30 тонна ун таратылат.