Январда социалдык жөлөк пулдарды төлөөгө дээрлик 1,5 млрд сом жумшалды

23 февраля 2023, 16:04

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин январь айында чыгашасы 1 миллиард 606 миллион 942,6 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин материалдарында айтылат.

Анын 90%дан ашыгы – 1 млрд 472 млн 879,8 миң сому калкка социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Кызматкерлердин эмгек акысына 101 млн 540,3 миң сом жумшалып, Социалдык фондго чегерүү 13 млн 747,8 миң сомду түзгөн. Пенсия жана жөлөк пулдарды төлөөгө 7 млн ​​482,8 миң сом кеткен.