Январь-март айларында Жогорку Кеңешке бюджеттен 151,7 млн сом сарпталган

22 апреля 2021, 14:41

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, үч айда Жогорку Кеңешти кармоого республикалык бюджеттен 151 миллион 737,7 миң сом сарпталды.

Анын ичинен 111 миллион 737,7 миң сом же 73,6% парламенттин кызматкерлеринин эмгек акысы.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЖК үчүн чыгым 6,8 миллион сомго көбөйгөн. Өсүш эмгек акыга чыгымдардын 9,78% га көбөйүшү менен шартталган.

Каралып жаткан мезгилде бөлүмдөр үчүн бюджеттин жалпы чыгымдары 34 миллиард 915,3 миллион сомду түзгөндүгүн кошумчалай кетели.