Жогорку Кеңешке 810 млн сомдон ашык каражат жумшалды

5 сентября 2023, 17:14

Сегиз айда Жогорку Кеңешти кармоого бюджеттен 810,1 миллион сом сарпталды. Бул маалыматтарды Каржы министрлиги билдирди.

Анын 510,2 миллион сому эмгек акыга кеткен. Ошого жараша Социалдык фондго чегерүү 68 миллион сомду түздү.

Парламенттин чыгашаларынын эң чоң беренелери айлык акыларды эсепке албаганда, башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу – 65,7 млн ​​сом, имараттар жана жабдуулар – 87 млн ​​сомду, машиналар жана жабдууларга кеткен чыгым – 48,6 млн сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, бул аралыкта Жогорку Кеңеш калкка социалдык жардам көрсөтүү үчүн 180 миң сом гана бөлгөн.