Октябрь айында ЖКны каржылоого дээрлик 54 млн сом бөлүнгөн

20 октября 2021, 16:07

2021-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке жалпы чыгымдар 53 миллион 964,6 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин ушул айдагы кассалык планында айтылды.

Чыгымдардын негизги суммасы 77,2% же 41,6 млн сомду Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгымдары түзөт, калган акча иш башкармалыктарга, гаражга жана төраганын резервдик фондуна бөлүштүрүлгөн.

Кошумчалай кетсек, октябрь айында Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгымдары үчүн сентябрга салыштырмалуу 9,6% га (37 млн ​​994,2 миң сом) көбүрөөк бөлүнгөн.