Баткенге жардам. Атайын эсепке 197 млн сомдон ашык каражат чогулду

21 сентября 2022, 10:50

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам калкка колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан 197 миллион 3,5 миң сом түштү.

20-сентябрдагы күн жыйынтыгы боюнча эсепке 178 миллион 978,8 миң сом түшкөн. Ошентип, сумма 18 миллион сомдон ашыкка көбөйдү.

Белгилеп кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.