Бишкекте орточо эмгек акыга 539,2 кг нан сатып алууга болот

3 августа 2021, 14:30

Нур-Султанда бир эмгек акыга эки тоннадан ашык нан сатып алса болот, ал эми Бишкекте бул көрсөткүч 3,7 эсе аз (539,2 кг). Мындай эсептөөлөрдү Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул Бишкектеги орточо эмгек акынын төмөндүгүнө байланыштуу.

Маселен, Бишкекте орточо эмгек акыга дээрлик 500 кг картошка сатып алса, Москвада бул 3,9 эсе көп (1,8 тоннадан ашык).