Ош шаарында 12 кабаттуу үйдүн курулушуна жарым млрд сомго жакын каражат жумшалат

23 декабря 2021, 12:49

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы Курманжан Датка кичи районундагы Тилеке-Баатыр көчөсүндө соода, кызматтык жайлары жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна тендер жарыялады.

Курулуштун жалпы баасы 437 млн 982,2 миң сомго бааланган. Бул баага 12 кабаттуу үйдү тургузуудан тышкары, курулуш иштери жүргүзүлө турган имараттарды бузуу да кирет.

Кошумчалай кетсек, уйдү куруунун мөөнөтү эки жыл деп белгиленген. Муну менен турак-жай 2024-жылдын январында пайдаланууга берилүүгө тийиш.