Жалал-Абадда бала бакчанын курулушуна 49,6 млн сом жумшалат
Капиталдык курулуш башкармалыгы Жалал-Абад шаарында бала бакча курууга тендер жарыялады. Тиешелүү жарыя мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.
Тендердин баасы 49 миллион 622 миң 584,4 сомду түзөт. Бул каражатка подрядчы Жалал-Абад шаары, Исакулов көчөсү, 9 дарегинде жайгашкан муниципалдык жер тилкеге 150 орундуу 2 кабаттуу бала бакча курууга тийиш.