Жумгалдагы айылга 96 млн сомго бала бакча курулат

26 июня 2023, 09:05

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Нарын облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Жумгал районунун Байзак айылына бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин баасы 96 миллион 245 миң 30 сомду түзөт. Бул суммага подрядчы 120 орундуу бала бакчанын имаратын куруп бериши керек.