Юстиция үйүнүн курулушуна 11 млн сомдон ашык каражат сарпталат

18 февраля 2021, 17:30

Ысык-Көл облусундагы Юстиция үйүнүн курулушуна 11 млн 248 миң сом сарпталат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Кызыл-Суу айылына Юстиция үйүн курууга тендер жарыялады.

Тендердин суммасы 11 миллион 248 миң сомду түзгөн.