Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна 816 млн сомдон ашык бөлүнөт

16 ноября 2022, 08:55

Камбар-Ата ГЭСинин курулушу 2023-жылы улантылат. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 816 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Парламенттеги коомдук угууда ал 2023-2025-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун сунуштады.

Ага ылайык, энергетика тармагын капиталдаштыруу 2023-жылы 10,8 миллиард сом, 2024-жылы 55,18 миллиард сом, ал эми 2025-жылы 57 миллиард сом болушу пландалууда.