Оштогу көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушуна 10 млн сомдон ашык жумшалат

19 октября 2022, 12:20

№ 2024-аскер бөлүгү Ош облусуна өткөрмө бекеттерин курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 10 миллион 256 миң сомду түзөт.

Бул каражаттын 4 миллиону Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нуракунов көчөсүндөгү “Кара-Суу” көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушуна, калганы  Ош облусунун Араван районундагы Чек-Абад айылындагы "Кара-Багыш" постунун курулушуна жумшалат.