«Кайыңды» конушуна бала-бакча куруу үчүн 6.7 млн сом бөлүнөт

5 ноября 2019, 17:40

«Кайыңды» конушуна бала-бакча куруу үчүн 6.7 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Бала-бакчанын аянты 155 квадрат метрди түзөт жана бардык шарты менен курулат. Курулуш иштери ушул жылдын декабрь айында аяктамакчы. 

Эске сала кетсек, ушул жылдын октябрь айынын башында«Кайынды» конушундагы Элебаев 181 көчөсүндөгү кичирайондун жашоочулары менен биргеликте вице-мэр Уланбек Азыгалиев, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков жана Сайдахмат Исмаилов балдар группасынын курулушунун жана №187  бала-бакчанын музыкалык бөлмөсүнүн  фундаментин куюшкан. 

Бул курулуш – билим берүү мекемелерин Бишкек шаарында көбөйтүү программасынын ишке ашыруу болуп саналат.