ОшМУнун жаңы имаратынын курулушуна 16,4 млн сом сарпталат

4 октября 2021, 11:00

Ош мамлекеттик университети 5 кабаттуу жаңы окуу корпусун курууга ниеттенүүдө. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Курулушка 16,4 миллион сом жумшоо пландаштырылган. Тендердин шартына ылайык, аукционго катышуучу 150 миллион сомдон кем эмес суммадагы курулушта тажрыйбасы болушу шарт.