Ноокат районунда айылдагы мектептин курулушуна 110 млн сом бөлүнөт

5 декабря 2022, 09:03

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ноокат районунун Калдай айылындагы мектептин курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 110 миллион 29 миң 8 сомду түзөт. Бул каражатка 150 орундуу мектеп куруу пландалууда. 

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 24 ай. Ал эми аны каржылоо бюджеттен толук жана өз убагында жүргүзүлөт.