Курулуш компаниясына объектти өз убагында бүтүрбөгөндүгү үчүн иш козголду
Жумгал районундагы объекттин өз убагында бүткөрүлбөгөндүгү үчүн ЖЧКга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, "Д" ЖЧКсы 2019-жылы 1 млн 448 миң сомго ветеринардык-профилактикалык пункт жана мончо курууга келишим түзгөн.
Бирок бүгүнкү күнгө чейин курулуш бүтө элек.
Муну менен мамлекетке зыян келтирилген.