Комбанктардын пайыздарын жабуу үчүн бюджеттен 651 млн сом бөлүнгөн
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери коммерциялык банктардын берилген кредиттер боюнча пайыздык ставкаларын субсидиялоо үчүн республикалык бюджеттен 651 миллион 62 миң сом бөлүнгөн.
Акча 2021-жылдын январында эки жолу 400 миллион сом жана октябрда 251 миллион 62 миң сом өлчөмүндө берилген.
Эсеп палатасынын отчетуна ылайык, 2020-жылдын аягында бул программалардын пайызын субсидиялоо үчүн мамлекеттин коммерциялык банктарга карызы 588,6 миллион сомду түзгөн.