Комбанктардын пайыздарын субсидиялоого 17,2 млн сом каралат

20 декабря 2021, 09:07

Декабрь айында Кыргызстандын республикалык бюджетинде коммерциялык банктардын үстөк пайызын субсидиялоого 17,2 млн сом каралган. Мындай маалымат Каржы министрлигинен маалым болду. 

Буга чейин бюджеттен коммерциялык банктардын пайыздарын жабууга октябрь айында бюджеттен бөлүнгөн, анда бул максаттарга 251 млн 62 миң сом каралса, январь айында 400 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, декабрь айында коммерциялык банктардын кызмат акысын төлөөгө 2,8 млн сом каралат.