«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралды

6 марта 2024, 14:16

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын 2024-жылга жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгиленгендей, бюджеттик каражаттар “Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” деген аталышта бөлүнөт. 

Анын ичинен “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынан түшкөн арыздардын негизинде январь-февраль айларында 750 млн сом каржыланган.

“Чыгымдар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтурууга багытталган”, - деп айтылат маалыматта.