Токмоктогу ооруканага 2,1 млн сом мыйзамсыз төлөнгөн

5 октября 2021, 10:52

Прокуратура тарабынан Токмок шаарындагы жалпы медициналык практика борборунда (мурунку аймактык оорукана) текшерүү учурунда мамлекетке 2 миллион 502 миң 885 сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

"Аудиттин жүрүшүндө, 2020-жылы аталган медициналык мекеменин кызмат адамдары жасалма эмгек келишимдерин түзүү менен административдик жана башкаруучу персоналдын айрым кызматкерлерине эмгек акы, бонустар жана башка төлөмдөр түрүндө мыйзамсыз түрдө 2 млн 133 миң 615 сом төлөп бергени аныкталган", - деп айтылат маалыматта. 

 

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.