«Манас» бажысында беш жылдан бери мыйзамсыз учак сакталып келген

31 мая 2022, 15:32

“Манас” бажысынын аймагында 2017-жылдан бери Diamond DA 42M-NG үлгүсүндөгү жеңил моторлуу учак сакталып турган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бажы кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында учак “S.K.G.A” ЖЧКсына таандык экендиги, бирок ошол эле учурда башкармалыктын борбордук маалымат базасына катталбаганы белгилүү болду.

“Башкача айтканда, учак бажы шарттарында декларацияланган эмес. Буга байланыштуу “S.K.G.A” ЖЧКсынын аракети/аракетсиздиги ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуунун белгиси катары каралат”, - деп белгилейт Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, “Убактылуу ташып келүү” жол-жобосу боюнча аба кемелери үчүн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 млн 475 миң 810 сомду, ал эми “Ички керектөө үчүн чыгаруу” тартиби боюнча 8 млн 237 миң 128 сомду түздү.

Бул факты боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага берилди.