Бажыда 103 млн сомдук декларацияланбаган товар аныкталды

30 июня 2022, 13:27

Бажы кызматы Кытайдан декларацияланбаган товарлардын мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылаык, эл керектөөчү товарлардын өздүк наркы 102 миллион 957,2 миң сомду, ал эми бажы төлөмдөрүнүн суммасы 21 миллион 369,4 миң сомду түздү.

"Түштүк-Батыш бажысынан Түндүк-Чыгыш бажысына автотранспорт менен ташылып жаткан эки контейнерди бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө импорттолгон товарлар, ассортименттеги кийим-кечелер тууралуу так эмес декларациялоо фактысы аныкталды", - деп билдирди Бажы кызматы.

Экономикалык контрабанда фактысы боюнча материалдар каттоого алынып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.