Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө бекетинен 2 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды

23 декабря 2019, 16:00

Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө бекетинен дээрлик 2 миллион сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн тийиштүү документтери жок жүк Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп жатканда колго түшкөн. «Volvo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасындагы товарлардын арасында дары-дармек, сагыз жана парфюм каражаттары болгон. Айдоочу көрсөткөн документте машинеде сантехника буюмдары бар экени жазылган.

Жүктүн жалпы суммасы — 1 миллион 905 миң сомду түздү.