Бишкек ЖЭБге күз-кыш мезгили үчүн 120 миң тонна көмүр жеткирилди
Бишкек шаарынын ЖЭБине 120 миң тонна көмүр жеткирилди. "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди.
Ишкананын маалыматы боюнча, Кыргызстанга үч миллион тоннадан ашык көмүр керектелет:
- бюджеттик уюмдар - 242,3 миң тонна;
- калк үчүн - 1,1 миллион тонна.
ЖЭБ - 1 миллион 650 миң тонна, анын ичинде:
- "Кабак" бассейнинен - 950 миң тонна;
- Таш-Көмүр кенинен - 50 миң тонна;
- Казакстандан - 650 миң тонна көмүр.