«Дастандын» директорлор кеңешинин эки мүчөсү мөөнөтүнөн мурда алмашты

19 июля 2022, 17:56

“Дастан” ишканасынын директорлор кеңешинин үч мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Алар: Нурдин Абдылдаев, Чыныбек Анарбек уулу жана Абдинабий Алиев. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Мындай чечим акционерлердин 15-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алынганы белгилүү болду. Ал эми директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү болуп Нурдин Абдылдаев, Аскат Жунушев жана Сталбек Кадыралиев шайланды.

Белгилеп кетсек, компаниянын 98,46% акциясы мамлекетке тиешелүү. Акциянын контролдук пакетин башкаруу жакында эле Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.