Каракол отун базасында өрт коопсуздугу сакталган эмес

18 августа 2021, 14:49

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы күйүүчү май кампасында өрт коопсуздугу сакталган эмес. Буга байланыштуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин комиссиясы жергиликтүү бийликке коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев башында турган комиссия Каракол жылуулук берүү ишканасынын от казандарынын даярдыгын текшерип, бир катар тапшырмаларды берди.

"Электр жана жылуулуктун техникалык жоготууларын болтурбоо боюнча чараларды күчөтүү зарыл. Биз энергияны үнөмдөөгө чакырабыз, совет доорундагы лампалар дагы эле отканаларга орнотулган, аларды LED лампаларга алмаштыруу керек. Бул маанилүү, анткени электр энергиясы - биздин байлыгыбыз. Биз өзүбүз муну үнөмдүү пайдаланып, электр энергиясын кантип сарамжалдуу пайдаланууну элге түшүндүрүшүбүз керек”, - деди Доскул Бекмурзаев.