Кыргызстанда адилеттүүлүктү жакшыртуу үчүн ЕБ 12 млн евродон ашык каражат бөлөт
Кыргызстан менен Европа биримдиги “Бардыгына адилеттүүлүк: Кыргызстандын юстиция секторунда адамга багытталган реформаны ишке ашыруу” программасы боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бул келишимдин максаты - 2025 -жылга чейинки мезгилде соттук-укуктук реформаны колдоону улантуу.
Долбоордун алкагында Европа Биримдиги 12 миллион 690 миң евро бөлүшү керек, аны пайдалануу төмөнкүчө пландаштырылган:
- сот адилеттигин өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүү;
- жалпы коомчулукка багытталган жана натыйжаларга жетишүү боюнча мониторинг системасын ишке ашыруу;
- пробация институтун адам укуктарынын стандарттарына ылайык жакшыртуу.