Валюта аукциондорунда АКШ доллары 84 сомдон ашты

10 ноября 2022, 08:56

Кечээ, 9-ноябрда банктар аралык валюта аукционунда Кыргызстандын комбанктары 16 миллион доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

 Келишим түзүлгөн күнү эсептелген сумма 6,6 миллион долларды түздү. Ал эми келишим түзүлгөн күндөн башка күнгө эсептелген сумма 9,4 миллион долларды түздү. 

Америка валютасы 1 доллардын ачылыш курсу 84,15 сом менен сатылса, жабылуу курсу 1 доллар үчүн 84,2 сом деп белгиленген. Бул белги акыркы жолу 2022-жылдын 26-апрелинде катталган, анда АКШ доллары 1 доллар үчүн 84,5 сомдон ашкан.