Октябрда валюта аукциондорунда доллар рекорддук суммада сатылды

31 октября 2022, 09:53

Ушул жылдын 28-октябрында банктар аралык валюта аукциондордо комбанктар 12 миллион 728 миң 870,21 доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Бүтүм жасалган күнү эсептешүүлөрдүн суммасы 5 миллион 28 миң 870,21 долларды, ал эми бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен 7,7 миллион доллар сатылып алынган. Бардыгы болуп 12 миллион 728 миң 870,21 долларды түздү.

Бул октябрь айындагы АКШ долларын сатып алуулардын максималдуусу. Мындай ири сумма акыркы жолу 30-сентябрда болгон, ал 12 миллион 858 миң долларды түзгөн.

Америка валютасы 1 доллардын ачылыш курсу менен 83,1 сомдон сатылса, жабылуу курсу 1 доллар үчүн 83,5 сом деп белгиленген.