2019-жылы ишканалар инновацияны киргизүү үчүн 784.5 млн сом коротушкан

20 ноября 2020, 12:50

Кыргызстандын ишканалары 2019-жылы инновацияга 784.5 млн сом же жалпы чыгымдын 96.3% коротушкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жыл сайын чыгуучу отчетунда маалымдалат. 

Бул каражатка ишканалар технологиялык инновацияларга байланыштуу жабдыктарды сатып алышкан. Инновацияга басым жасаган ишканалардын басымдуу бөлүгү таш жана күрөң көмүрдү казуу, азык-түлүк жана суусундуктарды өндүрүү, мунай заттарын өндүрүү, ошондой эле башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү менен алектенишет. 

«Экономиканын инновациялык өнүгүүсүн заманбап талаптарына жооп бербеген, инновацияга байланыштуу маркетингдик изилдөөлөргө, билим берүүгө жана кадрларды даярдоого чыгым болгон эмес», - деп айтылат докладда.