«Көлмө» кичи районундагы 39 турак жайга суу чыгарылды

16 декабря 2019, 11:00

Бишкек шаарынын мэриясы, «Көлмө» кичи районундагы Үмүт жана Максат көчөлөрүндөгү 39 турак жайга суу чыгарып берди. Бюджеттен 1 млн 151 миң 148 сом жумшалган. 

Суу чыгаруу иштерин «Альма КG» курулуш компаниясы жүзөгө ашырган. Мэрияда билдиргендей, бул жылы мэр Азиз Суракматов өткөн жылдагы берген убадаларын аткарууда.