Баткен облусун калыбына келтирүүгө 1,3 млрд сом бөлүнгөн

23 октября 2021, 11:55

Баткен облусун калыбына келтирүүгө бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөнүн президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 500 миллион сому социалдык объектилердин курулушуна багытталган.

“Жабыркаган ишкерлерди колдоо үчүн 29,7 миллион сом жумшалса, дагы 36 миллион сом каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам катары бөлүндү”, - деди Жапаров.