Баткен районундагы айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлүнөт

4 мая 2021, 09:01

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган айылдардын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн 700 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын ичинен 500 миллион сом социалдык объектилерди: мектептерди, бала бакчаларды жана жолдорду курууга жана оңдоого жумшалат.

«Калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн, анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз», - деди ал.

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат. Ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат. Мындан тышкары, бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.