Баткен жана Ош облустарындагы имараттарды калыбына келтирүүгө 46 млн сомдон ашык жумшалат

10 октября 2022, 11:29

Баткен жана Ош шаарларындагы административдик имараттарды калыбына келтирүүгө 46,8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каражат Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында жабыр тарткан жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт.

Маалым болгондой, 10-октябрга карата чек ара аймагындагы жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепте 277,3 миллион сом бар.