Mbank акционери акцияларды акыркы соодадан 67% жогору баада сатат

8 июня 2023, 13:03

Биржада MBank төлөө системасынын 500 миң акциясын сатуу сунушу пайда болду. Ээси бир нускага 10 сом сурап жатат, бул жайгаштыруу баасынан эки эсе көп.

Бул акциялар банктын баалуу кагаздарынын бардык пакетинин 0,01%ын гана түзөт.

Кошумчалай кетсек сунуш жайгаштыруудагы акциялардын баасынан эки эсе гана кымбаттабастан, акыркы бүтүмдүн баасынан 1,7 эсе жогору. Алсак, 26-майда Кыргыз фондулук биржасынын экинчи рыногунда 50 миң 284 нуска 301,7 миң сомго же бир баалуу кагаз 6 сомдон сатылган.