Быйыл «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун төлөөгө 6 млрд сом каралды

2 июня 2023, 10:40

Ушул жылы 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун төлөөгө 6 миллиард сомдон каражат каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, жөлөк пулдун көлөмү бир балага 1 миң 200 сомду түзөт.

“Үй-бүлөгө көмөк” социалдык жөлөк пулун дайындоо үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен социалдык коргоо органдары тарабынан белгиленет.