Жыл башынан бери пенсия төлөөгө 46 млрд сомдон ашык акча бөлүндү
Ушул жылдын башынан бери пенсияны каржылоого 46 миллиард 282,1 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Өлкө боюнча пенсиялык төлөмдөрдү бөлүштүрүү бирдей эмес. Алсак, акчанын басымдуу бөлүгү Ош облусуна - 8,4 миллиард сом, эң азы - 1,9 миллиард сом Ош шаарына жумшалган.