3 кыргызстандык жаран жасалма акча менен кармалышты

19 февраля 2020, 14:15

Жалал-Абад облусунда ири өлчөмдөгү жасалма акчаны сатууга аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу КР УКМК билдирди. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын үч жараны кошуна өлкөдөн жасалма акчаларды сатып алышкан. Алар 10 миң доллар жасалма акчаны 4.5 миң доллар чыныгы акчага алмаштырууну пландашкан. 

Улуттук банк, аныктыгы күмөн банкнотторду өткөрүүгө аракет кылбоого чакырат. Себеби жасалма акчаны жайылтуу иш - аракети Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет (225-берене).