Шаардык таштанды таштоочу жайдын аймагындагы катуу таштандыларды көмүүгө 3,6 млн сом жумшалат
“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы шаардык таштанды таштоочу жайга катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн атайын техниканы ижарага алуу үчүн тендер жарыялады.
Тактап айтканда, муниципалдык ишкана үч атайын техниканы – Т-130 жана Т170 бульдозерлерин ижарага алууну пландоодо. Конкурстук табыштаманын жалпы суммасы 3,6 млн сомду түзөт.
Кошумчалай кетсек, ижарага алуу баасына 8 сааттык жумуш күнү үчүн жабдууларды иштетүү, күйүүчү-майлоочу майлардын чыгымдалышы жана айдоочу-операторлордун кызматы жана атайын техниканы оңдоо кирет.