«Sputnik V» вакцинасын сатып алууга бюджеттен 70 млн сом бөлүндү

18 июня 2021, 09:40

 

Кыргызстан 40 миң адамды вакцинациялоо үчүн 80 миң доза көлөмүндө Орусиянын "Sputnik V" вакцинасынын экинчи партиясын алды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 25 миң доза вакцина Бишкектеги эмдөө борборлоруна таратылат, калган бөлүгү жакынкы аралыкта өлкөнүн аймактарына жөнөтүлөт.

Вакциналарды сатып алууга республикалык бюджеттен жалпысынан 70 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. "Sputnik V" вакцинасы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорулары бар адамдарга берилет.