«Кыргызкөмүр» дизель сатып алууга 4,7 млн сом жумшайт

14 сентября 2021, 10:15

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кече көмүр кени үчүн 85 миң литр дизель сатып алууну көздөп жатат. Тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылган.

Мамлекеттик ишкана сатып алууга 4,7 миллион сом сарптайт. Шартка ылайык, күйүүчү май Евро-5 стандартында болушу керек.