Жыл башынан бери салык органдарынын эмгек акысына 818 млн сом сарпталды

7 сентября 2021, 12:30

Ушул жылдын сегиз айында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн 818,3 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындай маалыматтар "Ачык бюджет" порталы тарабынан берилген.

Алсак, салык кызматкерлеринин негизги эмгек акысы 292,5 млн сомду, жөлөкпулдар - 188,7 млн, кошумча төлөмдөр жана компенсациялар - 337,1 млн, Социалдык фондго жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр 121,3 млн сомдон ашты.

Мекеменин отчеттук мезгилдеги жалпы чыгашалары 1 миллиард сомдон ашты.