«Аламүдүн» станциясында 300 миң сомдук аткезчилик токтотулду

13 апреля 2021, 17:00

Темир жол бажысынын кызматкерлери Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте аткезчилик жүктү аныкташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

[жаңылыктар 34042]

Аламүдүн темир жол бекетин текшерүүдө Кыргызстандын жаранынын атына Түштүк Кореядан декларацияланбаган продукт табылды.

Төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн алдын ала суммасы 300 миң сомду түзөт.

Маалыматка ылайык, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналында катталды.